Ошто 6 миң сом пара менен мектеп директору кармалды
Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан Ош шаарындагы мектептердин биринин директору кармалды. Ал пара алуу кылмышы боюнча айыпталып жатканын ИИМ билдирди. Буга чейин аталган директордун үстүнөн шаар тургундары арызданышып, анын мектеп бүтүрүүчүсүнө аттестат берүү үчүн пара сурап жатканын айтышкан. 29-ноябрда мектеп директору 6 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
2

Кабар мурда жазылышы мүмкүн эмес. Себеби, кабардагы окуя 29-ноябрда болгон.