Кара-Суу райондук соту кримтөбөл "Женгону" актады
Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, кримтөбөл Кадыр Досонов акталды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда соттун чечими менен Досонов Кылмыш-жаза кодексинин "легализация, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу" беренеси боюнча кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу акталган.
Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.
2021-жылдын 10-февралында Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча "перехват” планы жарыяланган. Андан соң Кадыр Досонов Ошто УКМКга өзү келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.