Таң эрте өз жанын кыюуга аракет кылган 18 жаштагы кыз куткарылды
Бишкек шаарында 18 жаштагы кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында жазылат.Ага ылайык, бүгүн саат 06:35 чамасында Логвиненко көчөсүндөгү көп кабаттуу имараттынын 10-кабатынан белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салууга аракеттенүүдө деген кабар "112" кызматына түшкөн.
Окуя катталган жерге Куткаруу кызматынан 5 куткаруучусу тартылды. Алар 11-кабаттан 10-кабатка атайын альпинисттик шаймандары менен 18 жаштагы кызды түшүрүштү.
Ал ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















