Чек ара кызматында жаш жоокерлер ант беришти
30-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарындагы бөлүмдөрүндө 1000дей жаш аскер ант берди. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жаш жоокерлерди куттуктаганы алардын ата-энелери, жакындары, чек ара кызматынын ардагерлери, жергиликтүү бийлик башчылары келишти. Ант берген аскерлер өлкөдөгү чек ара заставаларына бөлүштүрүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

