super.kg logo
  Саясат  

Эрулан Кокулов: "Гүлзат Мамытбек кайра алдап баштаптыр"

 

Блогер Гүлзат Мамытбек эки жашар баланын операциясына деген 5 миң долларды алып качып кеткен. Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Менин сөзүм Гүлзат Мамытбек тууралуу. Бул баягы элдерди алдап кеткен кыз. Азыр ар кайсы рекламаларды берип жүрөт. Бул кыз жөнүндө мен журналисттик иликтөө кылгам. 2020-жылы жүрөгүнөн операция боло турган эки жашар баланын 5 миң долларын көбөйтүп берем деп алып, качып кеткен. Эки пенсионер адамдын батирге деп чогултуп жүргөн акчасын алып, Москвага качып кеткен. Ошол кыз кечээ соттон бошотулуп, азыр кайра концерт коюп, бийлеп, ойноп жүрөт. Эмне Кыргызстан аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы? Мына бул кыз кайра алдай баштаптыр", - деди Кокулов.

25-майда Гүлзат Мамытбек 3 жылга пробациялык мөөнөткө (үй камагы) кесилгендиги кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: