super.kg logo

Чүйдө балдар үйүнүн тарбиялануучусун зордуктоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

 

Военно-Антоновка айылында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун 1983-жылы туулган М.Г. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 14-июнда саат 02:00 чамасында 2007-жылы туулган жашы жете элек кызын чала тааныш жигит зордуктаганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган.

Милиция жашы жете элек кызды суракка алып, ал 2014-жылдан бери аталган айылдагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу экенин түшүндүргөн. 14-июнь күнү саат 01:00 чамасында кыздын ата-энеси менен кошуна жашаган чала тааныш жигит жана досу балдар үйүнө келип, кыз курбусу менен терезеден качып, алар менен жолугушкан.

Андан соң аталган жигит кыз менен жалгыз калгандан пайдаланып, жашы жете элек кызды мас абалында зордуктаган.

Аталган кылмышка шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган У.Т. аттуу жаран кармалып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: