Бильярдчы Каныбек Сагынбаев “Кремль Кубогу-2013” мелдешинин жарым финалында утулду

Кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев Москвада аяктаган “Кремль Кубогу-2013” мелдешинин жарым финалында утулду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Каныбек Сагынбаев 29-ноябрда 2 беттеш өткөрүп, мелдештин жарым финалына чыккан. Жарым финалда ал украиналык Евгений Новосадга утулду (3:5 эсебинде). Жыйынтыгында ал дагы бир украиналык Артур Пивченко менен 3-4-орунду бөлүшүп алды.
Эске салсак, мелдеш алкагында Каныбек Сагынбаев 9 беттеш өткөрүп, анын сегизинде жеңүүчү аталган.
Мелдеш 25-30-ноябрь аралыгында Москвада бильярддын “кураштырма пирамида” түрү боюнча өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.