super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөдө эң көп титул уткан футболчу "Барселонадан" кетти

 

Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун коргоочусу Дани Алвес испаниялык клубдан кеткенин жарыялады. Бул тууралуу футболчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Легендарлуу футболчу күйөрмандар менен коштошуп, кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

"Жашоодогу бардык нерселер сыяктуу эле жылдар өтөт, жолдор экиге бөлүнөт. Мен бул клубга кайтып келип, бул сонун форманы кийүү мүмкүнчүлүгүн берген бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдиргим келет", - деп жазды футболчу.

Дани Алвес дүйнөдө эң көп титул уткан футболчу. Ал Франциянын, Италиянын, Бразилиянын чемпионаттарын жана улуттук кубокторун жеңип алган. Бразилия курама командасынын курамында коргоочу эки жолу Америка Кубогун жана Конфедерациялар Кубогун, Олимпиада оюндарын жана жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеңген.

2008-2016-жылдары "Барселонада" ойногон Алвес 2021-жылдын ноябрь айында командага кайтып келген. Футболчу менен келишим сезондун аягына чейин түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: