super.kg logo
  Спорт  

КТРК Спорт телеканалы "Александр Крестинин көрсөтүлгөн жок" деген сөздөр боюнча үн катты

 

Бишкекте өткөн Азия Кубогуна тандап алуу оюндарында башкы машыктыруучу Александр Крестинин КТРК Спорт телеканалынан көрсөтүлгөн жок деген имиштер чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу телеканалдын социалдык тармактагы баракчасына жазылды.

"Урматтуу футбол сүйүүчүлөрү жана күйөрмандары!

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу
Александр Крестининди "КТРК СПОРТ телеканалы түз эфирде атайын көрсөтпөй койду" деген пикирлер чындыкка дал келбейт. Анткени ушул күнгө чейин телеканал кыргыз спортун колдоп, коомчулукка түз алып көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз уюштуруп келе жатканы маалым. Өлкөбүздө орун алган эл аралык спорттук беттештерди чагылдырууда УТРК мындан ары дагы өз милдеттерин татыктуу аткара бермекчи.

Ал эми режиссёрдун өздүк баракчасы аркылуу жазылган комментарий бүтүндөй Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын көз карашын билдирбейт.

Корпорация жетекчилиги режиссёрдун жоопкерчилиги боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Анын жыйынтыгы менен кызматкерге карата мыйзам чегинде административдик чара колдонуларын билдиребиз.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы Александр Крестинин тарабынан футболго кошуп жаткан чоң салымын сыйлайбыз жана колдоого алабыз", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Александр Крестинин Кыргызстан-Мьянма жана Кыргызстан-Тажикстан беттешинде КТРК Спорт телеканалынан бир дагы жолу көргөзүлбөгөнүн айтып, нааразы болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: