super.kg logo

Кара-Кече көмүр кенинде атышуу болуп, бир адам каза тапты

 
Кара-Кече көмүр кенинде атышуу болуп, 38 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда окуя кечээ, 1-декабрда болгон. Анда көмүргө келгендер кезек талашып, ошондон улам атыш чыккандыгы айтылууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери “соңку убактарда Кара-Кече көмүр кенинде абал туруктуу эмес. Бул жерге кылмыштуу топтордун өкүлдөрү келип турушат. Андыктан бул окуя деле криминалдык топтордун өз ара тирешүүсү болуусу мүмкүн” деген божомолду айтышууда. Кошумчалай кетсек, 20-ноябрда да аталган көмүр кенинде атышуу болуп, эки адам жабыр тарткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.12.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мотуевти эле коюп койсо ишке, чыр чатак болбойт!
02.12.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
future_kg, ошентиш керек эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: