Баткенде селден зыянга учураган жерлерди калыбына келтирүүгө 40 жаран тартылды
Баткенде селден зыянга учураган жерлерди калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү тургундардан 40 жаран тартылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.Айта кетсек, кечээ, 15-июнда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан Кадамжай районунун Охна, Бел айылдарында сел өтүүчү сайынан сел жүргөн. Жаандын кесепетинен бетон шакекче менен курулган 7 көпүрөнүн кум шагылдары бузулган. Ал эми Кадамжай-Айдаркен жолундагы унаалар өтүүчү көпүрөнүн жээги, ички чарбалык жол жана сай жээктери зыянга учураган.
Ошондой эле Ирилеш айылында 5 турак жайдын огородуна жана 1 турак-жайдын жер төлөсүнө сел суулары кирген.
Калыбына келтирүү иштери боюнча бүгүн жергиликтүү жашоочулардан 40 жаран, №46 Жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик ХОВО жана 1 бирдик жүктөгүч техникасы иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















