super.kg logo

Борбордо эки унаа коюп кеткен аял каза тапты

 

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө бир аялды эки унаа коюп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-декабрда саат 02:10 чамасында О.А. Хонда Фит унаасы менен батыш тарапка бара жатып жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Анын артынан келаткан Мерседес Спринтер аялды тепсеп өтүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгынан улам 35-40 жаштардагы азиат улутундагы аял каза тапкан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, каза болгон аялдын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары Мерседес Спринтер унаасын издөө иштери башталды. Хонда Фит унаасы айып төлөөчү жайга жеткирилди.

Бардык материалдар Бишкек ШИИББинин жол кырсыктары бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: