super.kg logo

Караколдо үч жыл мурда уурулук кылганга шектүүлөр кармалды

 

Каракол шаарында үч жыл мурда уурулук кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын апрель айында милицияга Каракол шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда үйүнөн жалпы баасы 100 миң сомду түзгөн баалуу буюмдар жана акча каражаттары уурдалгандыгын айткан.

Ошол эле жылдын июнь айында белгисиз адамдар облус борборунун дагы бир тургунунун үйүнөн компьютердик жабдууларын, уюлдук телефондорун жана алтын буюмдарын уурдап кетишкен. Келтирилген чыгым 150 миң сомду түзгөн.

Белгисиз адамдар жабырлануучулардын үйлөрүнө түн ичинде жана кожоюндары жок кезде эшиктин ачкычтарын тандоо жолу менен киришчү. Кылдаттык менен кийин оңой сатыла турган баалуу буюмдарды гана тандашчу. Жасалган кылмыштардын өткөн мезгилине карабастан, анын бетин ачуу боюнча издөө иштери токтогон эмес.

"Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн изине түшүп, алардын жашаган жерин тактоого жетишкен. Алар жергиликтүү тургундар, мурда соттолгон 27 жаштагы Ш.Т. жана 25 жаштагы Э.У. болуп чыкты.

Алдын ала сурак учурунда алар жасалган уурулук боюнча күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышты. Мындан тышкары шектүүлөрдөн уурдалган буюмдардын бир бөлүгү далил зат катары алынды. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: