super.kg logo

Чүйдө Лексус РХ 330 үлгүсүндөгү унаа бакты сүздү. 19 жаштагы айдоочу кыз каза тапты

 

Кой-Таш айылында унаа бакты сүзүп, айдоочу 19 жаштагы кыз ооруканада каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ,15-июнь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кой-Таш айылында болгон унаа кырсыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, төмөнкүлөрдү аныкташкан.

Бишкек-Кой-Таш-Теплые ключи унаа жолунун 2-чакырымында 2003-жылы туулган А.А. Лексус РХ 330 үлгүсүндөгү унаасы менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, жолдун оӊ жак бетиндеги бакты сүзгөн.

Натыйжада айдоочу алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон. Мындан тышкары жүргүнчү катары бара жаткан 2000-жылы туулган Т.Т. ар кандай жаракаттар менен ооруканага кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: