super.kg logo
  Спорт  

Тайбокс боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиондугу аяктады

 

Кечээ, 1-декабрда Бишкекте тайбокс боюнча 15-17 жаш курагындагы өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиондугу аяктады. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11 спорттук клубдун курамында рингге чыккан мушкерлердин саны 84кө жетип, мелдеш 13 салмак категориясы боюнча өткөрүлдү. Мелдешке катышкан 4 кыз эки салмак категориясында өз ара беттешишип, чемпионду аныкташты. Жыйынтыгында 48 килограмм салмакта Оксана Советбекова, 54 килограммда Лилия Жумакеева жеңүүчү аталды. Булардан тышкары уландар арасында төмөнкүлөр жеңүүчү аталышты.

Сулейман Мусаев (42 килограмм салмакта) 

 Таалайбек уулу Максат (45 килограмм салмакта)

 Алмазбек уулу Эльзатбек (48 килограмм салмакта)

 Арген Керимбеков (51 килограмм салмакта)

 Иса Абдуев (54 килограмм салмакта)

Таалайбек уулу Бектурсун (57 килограмм салмакта) 

 Азат Асанов (60 килограмм салмакта)

Тынай Токтогонов (63 килограмм салмакта)

Таалай Абдираимов (67 килограмм салмакта)

Бекжан Матысаев (71 килограмм салмакта)

Чубак Туралиев (75 килограмм салмакта)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: