super.kg logo

Башкы прокуратура: "ИИМдин кызматкерлери 3 миллион сомдон ашык каражатты өздөштүрүп алышкан"

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үч миллион сомдон ашык каражатты өздөштүрүп алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратура тарабынан пландык иш-чаранын негизинде Аксы райондук күзөт бөлүмүндө текшерүү жүргүзүлгөн.

"Кызматкерлер өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен бухгалтердик отчёттордо жалган маалыматтарды көрсөтүшүп, өздөрүнө мыйзамсыз ашыкча эмгек акыларды алышкан жана жеке ишкерлер менен ич ара сүйлөшүү жолдору менен жалгандан мамлекеттик сатып алууларды өткөрүшүп, бюджеттик акча каражаттарды накталай түрдө өздөрүнө сиңирип алышкан, анын жыйынтыгында мамлекетке 3 миллион 191 миң 947 сом зыян келтиришкен", - деп жазылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодекстин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: