Кармашып урушуу боюнча Кыргызстан курама командасы эл аралык мелдеште 8 медаль утту
Кармашып урушуу боюнча Кыргызстан курама командасы 29-30-ноябрда Тажикстанда өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке катышкан 18 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 3 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду ээледи.
Алтын медалдын ээлери Рыспек уулу Эрлан, Сулайманкул уулу Туратбек жана Сейитбек уулу Адилет, ал эми күмүш ээси Батыркан уулу Максат болду. Ал эми коло медалды спортчулар Туралиев Нурсултан, Манасов Алмаз, Көлбай уулу Нуржан жана Исаев Уларбек тагынды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ылайым ушинтип алтындарды топтой бергиле.