Иркутск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды
Орусиянын Иркутск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Иркутск-Бишкек-Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттам ачылды. Аталган багыт боюнча авиакаттамдарды "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткарат.
Ал эми кечээ, 16-июнда Бишкекке биринчи каттам менен 96 жүргүнчү учуп келди.
Каттам жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 4 саат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















