Прокуратура кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында Анкарага кетишти
Кыргызстандын прокуратура
кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүү багытында тажрыйба алмашуу үчүн 1-декабрда
Түркия Республикасынын Анкара шаарына кетишти. Бул тууралуу Башкы
прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Автор: Темирбек Матаев
Тажрыйба алмашуу
салты КРнын башкы прокурору Аида Салянованын 2012-жылдын декабрь айында Түркия Республикасына жасаган
иш сапарынын натыйжасында ишке ашкан. Анда Кыргызстан менен Түркиянын башкы
прокурорлору өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюп, жыйынтыгында Түркия тарап
2013-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын 60 кызматкерине окутуу курстарын уюштурарын
моюнга алган.
Буга ылайык, 2013-жылдын
май айында Кыргызстандын прокуратурасынын 30 кызматкери Түркия Республикасынын
Адилет министрлигинин академиясында өткөн бир апталык окуу курстарына катышып
келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

