super.kg logo
  Саясат  

Туйгунаалы Абдраимов: “Кийинки шайлоолорду таза өткөрүү - биздин негизги милдетибиз”

 

“Кыргызстанда кийинки шайлоолорду таза өткөрүү - биздин башкы милдетибиз”,- деп билдирди бүгүн, 2-декабрда Бишкекте өтүп жаткан шайлоо системин өркүндөтүү жолдору талкууланган коомдук пикир алышууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов. Айтымында, шайлоо системин реформалоо учурдун талабы. “Кийинки шайлоолор бат эле кирип келет. Аларды таза, ачык өткөрүү үчүн президенттин буйругуна ылайык, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Электрондук добуш берүү, добуштарды автоматтык түрдө атайын жабдуулар менен эсептөө сыяктуу ыкмалар каралууда. Ушул жылдын 30-31-октябрында борбор шаарда шайлоо процессине керектүү жабдуулардын көргөзмөсүн өткөрдүк”,- деди Абдраимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: