super.kg logo

Өзбекстанда оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанда кармалды

 

Өз өлкөсүндө оор кылмышты жасоого шектелип издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалыматында жазылат.

Ага ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына коңшу Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган Б.И. тууралуу маалымат түшкөн. Анда коңшу өлкөнүн ички иштер органдары оор кылмыштарды жасаганы үчүн 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн Өзбекстандын жаранын кармоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандын жүргөн жерин аныкташкан. Кармалган адамды өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: