super.kg logo

"Кыргызстанда батир сатып элди алдап жүргөн" деген шек менен Түркиянын жараны Интерпол тарабынан кармалды

 

Кыргызстандагы Интерполдун улуттук борбордук бюросу эл аралык операция жүргүзүп, натыйжада "батир сатып алдамчылык кылган" деп шектелген Түркиянын жаранын Италияда колго түшүрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Италиянын Интерполу менен биргеликтеги издөө иштеринин жыйынтыгында 28-ноябрда Рим шаарында 1970-жылы туулган Кул Жихан кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштарга шектелип издөөдө жүргөн. 

2011-жылы эл аралык издөөгө алынган Кул Жихан Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди сатып алдамчылык кылган деп айтылат. Ал жарандарга 10 миң доллардан ашык зыян алып келген. 

Азыркы тапта КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан аны өлкөгө алып келүү жана жоопко тартуу маселеси каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: