super.kg logo
  Саясат  

Ош технологиялык университетинин 50 жылдыгына карата окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн чакырды

 
Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн бири шаар башчы Мелис Мырзакматов окуу жайдын 50 жылдыгына келе жаткан коноктор менен
Иш-чаранын жүрүшүндө гимн жаңырды.
Келген коноктор окуу жайга эстелик катары белектерин тапшырышты.
Келген коноктор окуу жайга эстелик катары белектерин тапшырышты.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

29-ноябрда Ош технологиялык университетинде окуу жайдын 50 жылдыгына карата экономика жана башкаруу факультетинин 20 жылдык мааракеси болуп өттү. Аталган иш-чараны окуу жайдын экономика жана башкаруу факультетинин эмгек жамааты уюштуруп, ага окуу жайдын жалпы жамааты, студенттери жана аталган факультеттин бүтүрүүчүлөрү катышышты. Кечеге Ош облустук мамлекеттик администрациясынан, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, шаардагы жогорку жана атайын орто окуу жайлардын жетекчилери жана аталган факультетти аяктаган өлкөдөгү ири ишканаларда эмгектенген бүтүрүүчүлөр чакырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайда үзүрлүү эмгектенишкен окутуучулар Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, шаардык мэриянын жана окуу жайдын Ардак баракчалары менен сыйланышты. Кеченин 2-бөлүгүн келген конокторго арналган концерттик программа улантты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: