super.kg logo

Баткенде 2 миллион сомго адам уурдоону жана өлтүрүүнү уюштурган жаран аныкталды

 

Баткенде адам уурдоону жана өлтүрүүнү уюштурганга шектүү кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү 2 миллион сом үчүн өзүнүн тааныштарына кылмыштуу буюртманы аткарууну сунуштаган. Бул тууралуу ыкчам кызматкерлерге маалым болгон.

"Министрликтин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери адамдын өлүмүн алдын алуу максатында Баткен облусунун Кадамжай районунда жашаган адамды жасалма уурдоону уюштурушкан. Андан соң уурдалган адамдын сүрөтүн укукка каршы аракеттин уюштуруучусуна көрсөтүшкөн. Дыкат жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрүн кармашкан. Шектүү катары мурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип бир нече жолу соттолгон 1957-жылы туулган П.А. (уюштуруучу), 1979-жылы туулган Р.А. жана мурда бир нече жолу соттолгон Т.А. кармалышты. Алардын жанынан баңги каражаты табылды", - дешет маалымат кызматынан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде (Кылмышка даярдык көрүү) жана 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6,8-пункттарында (Төлөм алуу же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан адамды уурдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жарандарга карата сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда алар Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: