super.kg logo
  Саясат  

"Неберелерим мен бала кезимде көргөндү эч качан көрбөй калабы деп корком" дейт президент

 

Президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулук Кыргызстандагы климаттык, экологиялык көйгөйлөрдү тааныбаса жана колдобосо, аткарылып жаткан иш-аракеттер жетишсиз болорун эскертти. Ал мындай пикирин "The Independent" британ басылмасына берген маегинде айтат.

"Кыргызстан эл аралык коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан кесепеттерди жумшартуу жана аларга ыңгайлашуу боюнча биздин күч-аракетибизге тирек боло турган бардык шартсыз жардамдарын кубаттайт", - дейт ал.

"Бала кезимде атам менен тоого көп барчумун. Ал токойчу болчу, анын иши – чөп чабуу эле. Эсимде, атамды ээрчип жүргөн ошондой балалык күндөрдүн биринде ал капысынан "балам, токточу, карачы" деп калды. Анын дүрбүсү бар болчу. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу ак илбирсти көргөм.

Биз Кыргызстанда ошол мен көргөндөгүдөй илбирстерди коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз, бирок эл аралык коомчулук чара көрбөсө, менин неберелерим бала кезимде атам менен көргөндү эч качан көрбөй калабы деп корком", - деп кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: