super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Эми казинолорго эч ким "крыша" боло албайт"

 

Парламент жыйынында казинолорду легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралууда. Анда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров казинолорду чет элдиктер үчүн легалдаштырып жатканын белгиледи.

"Мурда казинолорго Ички иштер министрлиги "крыша" болуп келген. Эми казинолорго ИИМ, УКМК жана мен да "крышалык" кыла албайм. Биз казинолорду чет элдиктер ойносун деп легалдаштырабыз. Эгер мыйзам бузуулар болсо кармоого чейинки чаралар көрүлөт", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Кыргызстанга кайсы чет өлкөлүк бай адам келип казино ойной турганына кызыкты.

"Байлар Лас-Вегас, Макао жана Кипрге барышат. Алар казино үчүн Кыргызстанга келет деп ойлоп жатасызбы?", - деди эл өкүлү.

Ал эми Акылбек Жапаров Кытайдан, Орусиядан, Казакстандан казино ойноо үчүн Кыргызстанга келгендер бар экенин мурдагы анализдер көрсөткөнүн белгиледи. Ошондой эле ал чет элдиктер келерине үмүттөнөрүн, казино ачууну каалаган инвесторлор бар экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: