super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарынын борбордук аянтында Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митинг өткөрүшүп, Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн имаратын алууга аракеттеништи (фоторепортаж)

 
Митингге чыккан эл депутат Ахматбек Келдибековдун камактан бошотулушун, оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук токтотулушун талап кылышууда
Митингдин жүрүшүнөн.
Митингдин жүрүшүнөн.
Митингге болжол менен 5 миңдей адам катышты.
Коомдук ишмер Улукбек Ормонов да эл алдына чыкты.
Губернатор Сооронбай Жээнбеков сүйлөп жатканда эл арасындагы спортчулар трибунага чыгып, микрофонду колунан жулуп алышты.
Митингчилерге атчандар тобу да кошулду.
Элге бекер тамак таратылды.
Митингдин жүрүшүнөн.
Эл алдына чыккан шаар башчысы Мелис Мырзакматов элди акыйкат үчүн күрөшүүгө чакырып, "мен элге митинг өткөрүүгө уруксат бергем, дагы да болсо берем" деди.

Бүгүн, 2-декабрда Ош шаарында митинг өтүүдө. Аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызынын билдирүүсүнө караганда, митингге болжол менен 5000ден ашык адам чыккан. Митингге чыккандар камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун камактан бошотулушун, оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук токтотулушун талап кылышууда. Алар Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн имаратын басып алууга аракеттенип, таш, бөтөлкөлөрдү ыргытып, элдин алдына Сооронбай Жээнбековдун чыгышын күтүшүүдө. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: