super.kg logo

Ооганстанда жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 1000ден ашты

 

Ооганстандагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 1000 кишиден ашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Кырсыктын курмандыктарынын саны алыскы аймактардан жиберилген жана кошумча такталган маалыматтардын жыйынтыгы менен дагы да көбөйүшү мүмкүн экендиги айтылууда. Жер силкинүүдөн ошондой эле 600дөн ашык жаран оор жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Учурда кырсык катталган аймактарда куткаруу иштери жүргүзүлүп, жабыр тарткандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүп, тамак-аштар жеткирилип жатканы маалымдалды. Кечээ өлкө бийлиги гуманитардык жардам көрсөтүүчү эл аралык уюмдарга шашылыш түрдө кайрылуу жасаган.

Эске салсак, кечээ, 22-июнда Ооганстандын Пакистан менен чектеш аймагында күчү 5-6 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Мындай күчкө ээ жаратылыш кырсыгы аталган өлкөдө 2002-жылдан бери алгачкы ирет болуп жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: