Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адамдын өмүрү кыйылды




Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 323-чакырымында болгон. Анда VOLVO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен LEXUS 470 үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, жыйынтыгында жеңил унаада келе жаткан жүргүнчү менен айдоочусу көз жумган.
Кырсык катталган жерге Токтогул райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жабыркаган жарандарды медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда кошумча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.