super.kg logo

Бишкекте орус драма театрынын актрисасы киши колдуу болуп каза тапты

 
Оксана Гоголь 11 жаштагы уулу Игорь менен
Бишкекте Орус драма театрынын артисти Оксана Гоголь киши колдуу болуп каза тапты. Бул маалыматты 2-декабрда Бишкек ШИИББи тастыктады. 
Маалыматка ылайык, 30-ноябрда белгисиз адамдар Уркуя Салиеванын эстелигинин артында актрисаны сабап, зордуктоого аракет кылышкан. Эртең менен жолдон өтүп бара жаткандар аны Улуттук госпиталга жеткиришкен. Көрсөтүлгөн жардамга карабай Гоголь каза болгон. 
Аталган факты боюнча “Ден соолугуна атайын зыян келтирүүнүн натыйжасында өлүмгө алып келүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. 
Укук коргоо органдарынын айтымында, кылмышкерлер аялды зордукташы мүмкүн. Бирок ал экспертизадан кийин белгилүү болот. Маалыматтарга караганда, Оксана Гоголдун жашы жетелек өспүрүм курактагы 1 баласы бар. Жерге берүү зыйнаты бүгүн өтүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.12.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбан м...
Модератор admin_superstan түзөттү 02.12.2013 17:05
02.12.2013. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиядан олуп келген 960тай кыргыз жарандарынын алдында бул артист не болуп калыптыр..
03.12.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almabek, курамы окшош сайттарды жарыялоого болбойт.
Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: