super.kg logo

17 жаштагы баланын телефонун уурдаганга шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте уюлдук телефон уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Б.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 10-июнь күнү борбор калаадагы компьютердик клубдардын биринен жашы жете элек 2005-жылы туулган уулунун 11 миң сомдук уюлдук телефонун жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (тоноо) менен катталып, тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалган.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: