super.kg logo
  Саясат  

"Бир күн келип, ушул маселелер кайрадан көтөрүлөт". Адахан Мадумаров кумарканаларды ачуу мыйзамсыз деп атады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өлкөдө кумарканаларды ачуу боюнча эл өкүлдөрүнүн кабыл алган чечимин мыйзамсыз деп атады. Ал өз сөзүндө Конституциядагы беренелерди чечмелөө конституциялык соттун гана укугу экендигин баса белгилеп, 22-июндагы кумарканаларды ачуу долбоору каралган жыйында беренени юрист чечмелегенин айыптады.

"Мыйзамдарды чечмелөө жалгыз Жогорку Кеңештин гана укугу. Конституцияны чечмелөө жападан жалгыз конституциялык соттун укугу. Ага Жогорку Кеңештин дагы, өкмөттүн дагы, президенттин дагы, Жогорку соттун дагы укугу жок. А бул жерде юрист деп койсо юрист чыгып туруп Конституциянын беренесин чечмелеп койду. Ошондуктан кечээги кабыл алган чечимибиз аябай катуу шек туудурат.

Бир күнү ушул маселелердин бардыгы кайра көтөрүлөт. Бүгүнкү күндөн көрүп жатабыз. 10 жыл мурда кабыл алган чечимдерди бүгүн көтөрүп чыгып, эмне деген баалар берилип жатат. Биздин жетинчи чакырылыштын депутаттарына кумаркананы ачуу боюнча мыйзамыбыз, бөлүм башчысы Конституцияны чечмелеп берип коюш... Мындай бейбаштык кыргыз тарыхында болгон эмес, болуусу мүмкүн дагы эмес.

Келечектеги урпактардын алдында жүзүбүздүн жарык болушу үчүн дагы бир жолу айтам. Кечээги кумаркананы ачуу боюнча кабыл алган чечимиңер мыйзамсыз",- деди ал.

Эске салсак, кечээ парламентте "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" жана "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлуп, көпчүлүктүн колдоосу менен кабыл алынган. Анда 58 депутат "макул", 9 депутат "каршы" деп добуш беришкен.






Адахан мадумаров

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: