super.kg logo
  Саясат  

Исхак Масалиев кумарканаларды ачуу тууралуу мыйзамга президенттин кол койбой туруусун сунуштады

 

Жогорку Кеңеште кумарканаларды ачуу боюнча кабыл алынган мыйзам долбооруна байланышкан кайчы пикирлер уланууда. Бугүн, 23-июнда болуп жаткан жыйында депутат Исхак Масалиев өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, кумарканага байланышкан мыйзамга президент Садыр Жапаровду кол коюудан баш тарттыруусун суранды.

"Кечээги кабыл алынган мыйзам боюнча Алмаз Акунжановичке сунуш катары кайрылат элем. Сиз президентке жеткирип, кынтыксыз кабыл алынган эмес деп кол коюудан баш тарттырыңыз. Бул тарыхта чын эле калат. Тарыхта биринчи жолу Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүм башчысы Конституцияны чечмелеп, бизге түшүндүрмө берип жатат. Бул таптакыр мыйзамга дал келбеген нерсе.

Бул мыйзамдын кемчилиги бар. Башынан эле айтканбыз. Мен сизден суранат элем. Жогорку Кеңеш өз кадамын аткарды. Эгер президент мыйзамга бекем турса, бул мыйзамдан баш тартып, кайрадан кароого жөнөтөт деп ишенем", - деди ал.

Ал эми Алмазбек Абытов президенттин кайсы бир мыйзамга кол коюп же койбошу өзүнүн ыйгарым укугу экендигин жана буга эч ким кийлигише албастыгын билдирди.






Исхак Масалиев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: