super.kg logo

"Седая ночь" ыры менен таанылган Юрий Шатунов 48 жашында каза болду

 

Орусиялык белгилүү ырчы, "Ласковый май" тобунун мурдагы солисти Юрий Шатунов 48 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.

Маалыматта айтылгандай, Юрий Шатуновдун каза болгонун продюсер Аркадий Кудряшов тастыктаган.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, анын жүрөгү токтоп калган. "Бүгүн түндө Юрийдин жүрөгү "Тез жардам" унаасында бара жатканда токтоп калды", - деген ал.

Эскерте кетсек, Юрий Шатунов көпчүлүккө "Седая ночь", "Детство", "Белые розы", "Вечер холодной зимы" аттуу ырлары менен таанылган.

Убагында ар бир үналгыдан тынбай жаңырган "Белые розы", "Розовый вечер" хит ырларды аткарган "Ласковый май" тобу 1986-жылы 6-декабрда негизделген.

Топ Орусиянын Оренбург шаарындагы №2 балдар үйүндө музыка ийриминин мугалими болуп эмгектенген Сергей Кузнецов, аталган балдар үйүндө тарбияланып жаткан 13 жаштагы Юрий Шатунов жана Вячеслав Пономарёв тарабынан негизделгени маалым.

"Ласковый май" тобунун курамы аталган балдар үйүндө тарбияланган бир нече өспүрүмдөн турган.

Топ 1988-жылдан тартып ошондогу Совет өлкөсүндө атактуулукка ээ боло баштаган. “Ласковый май” тобунун концертине 5000 көрүүчү келген учурлар дагы болгон.

Өкүнүчтүүсү, 1992-жылы аталган музыкалык топ өз ишин убактылуу токтоткон. Топтун ошондогу продюсери Андрей Кудряшовдун чечими менен "Ласковый майдын" негизги аткаруучусу Юрий Шатунов ырчылыгын жыйыштырып, бир нече жылга Германияга кетүүгө мажбур болгон.

Бирок Юрий Шатунов кийин өзүн жеке ырчы катары сынап, бир топ хит ырларды жарата алган.

Ал эми "Ласковый май" тобу 2009-жылы 90-жылдардагы моданын кайтышынын толкунунда кайрадан сахнага кайткан. Анын курамы Андрей Разин, Сергей Серков, Андрей Кучеров жана Сергей Ленюк сыяктуу таланттуу инсандардан турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: