super.kg logo

Белгилүү футболчу Диего Марадонанын өлүмүнө шектелген 8 дарыгер сот жообуна тартылат

 

Белгилүү аргентиналык футболчу Диего Марадонага операция жасаган дарыгерлер жана футболчунун жеке дарыгери "этиятсыздыктан улам өлүмгө жеткирүү" фактысы менен сот жообуна тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта айтылгандай, футболчунун өлүмүн териштирип жаткан комиссия Диего Марадонага операциядан кийин тиешелүү медициналык жардам берилген эмес деген тыянак чыгарган.

Футболчунун өлүмүнө нейрохирург, футболчунун жеке дарыгери Леопольдо Луке, психиатр, психолог, медайым, алардын жетекчиси жана Марадонага кам көргөн дагы 3 дарыгер айыпталууда. Ал эми медициналык кызматкерлер коюлган айыптарды четке кагууда. Эгерде дарыгерлердин күнөөсү тастыкталса, алар 8 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, футболчуда гемотома бар экендиги аныкталып, баш мээсине операция жасалган. Дарыгерлер анын операциясы олуттуу эмес экендигин билдиришип, футболчунун ден соолугун жакшы дешкен. Ага карабастан, ал үйүнө барган соң өзүн жаман сезе баштаган. Дарыгерлердин жасаган аркеттеринен майнап чыкпай, футболчу 2020-жылы 25-ноябрда 60 жашында каза болгон.

Атактуу футболчу тууралуу бул шилтемеден окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: