super.kg logo

Чет өлкөгө кантип тез акча которууга болот? MegaPay'ден лайфхак

 

Тез арада акча которуу керек, бирок банкка барууга мүмкүнчүлүк болбой жатабы? MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун MegaPay тиркемесин жүктөп алып, Казакстан, Россия Федерациясы, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина банктарынын карталарына саналуу секундалар ичинде онлайн акча которуңуз.

Карталарды толуктоо сервиси MegaPay'дин колдонуучулары үчүн күнү-түнү иштейт.

Акча которуу болсо эң жөнөкөй! Бул үчүн:

  • MegaPay тиркемесин ачыңыз (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
  • «Акча которуулар» бөлүмүнө өтүп, тийиштүү өлкөнү жана банкты тандаңыз;
  • сумманы жана алуучунун реквизиттерин киргизип, төлөмдү тастыктаңыз.

Даяр! Которулган каражат кыска убакыттын ичинде картага түшөт.

Эске сала кетели, MegaPay тиркемесинде:

  • Тажикстандын (AlifBank банкынын «Корти Милли»), Өзбекстандын (HUMO, UzCard) жана Украинанын карталарына акча которуулар жеткиликтүү. Комиссия – 0 сом;
  • Казакстандын жана Россиянын банктарынын Visa жана Mastercard карталарына акча которуулар. Комиссия – которулган каражаттын жалпы суммасынын 2 пайызы.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык, электрондук капчыктардын идентификациядан өткөн колдонуучулары гана эл аралык акча которуу операцияларын жүргүзө алышат. Идентификациядан толук өтүү мүмкүнчүлүгү MegaCom'дун бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда жүргүзүлөт.

MegaPay – сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: