super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечек оорусун пандемия деп жарыялады

 
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда медицина кызматкерлеринен түзүлгөн коалиция маймыл чечек оорусун пандемия деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, илимпоздордун ар кандай топторун бириктирген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо тармагы (WHN) коалициясы маймыл чечекти пандемия деп жарыялап, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун алдыдагы жыйында пандемиянын башталышын жарыялоого чакырды.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча маймыл чечек оорусунун 2100дөн ашуун учуру аныкталган. Бул оору менен ооругандар Испанияда, Германияда, Улуу Британияда жана Түштүк Кореяда катталган.
23-июнда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маймыл чечек оорусун пандемия катары жарыялоо чечими уюмдун жыйынынын алдында кабыл алынды. Өлүмдүн деңгээли төмөн болсо да, уланып жаткан жайылууну токтотуу үчүн чара көрүлбөсө - бул иш жүзүндө миллиондогон адамдар өлүп, дагы көптөгөн адамдар сокур жана майып болуп калышат деп айтылат маалыматта.
Маймыл чечекти коомдук өзгөчө кырдаал катары белгилөө - эпидемия бир өлкө же аймак менен гана чектелбестигин, алдын алуу үчүн токтоосуз чара көрүү керек экенин көрсөтүп турары да белгиленет кабарда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: