super.kg logo

Nike компаниясы Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотту

 

Спорттук кийимдерди жана товарларды чыгарган америкалык Nike компаниясы Орусиянын аймагындагы ишин толугу менен токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Компаниянын расмий сайтында да бул тууралуу маалымат жарыяланган. Анда "Nike Inc компаниясы Орусиянын базарынан кетүү тууралуу чечим кабыл алды. Буга байланыштуу nike.com сайты жана Nike тиркемеси мындан ары аталган өлкөнүн аймагында иштебейт", - деп жазылган.

Ошондой эле буга чейин убактылуу жабылып турган дүкөндөр да толугу менен ишин токтотору айтылган.

Орусиянын Украинага болгон аскердик операциясынан кийин компания расмий түрдө орусиялык кардарларга товар сатууну токтоткон. Май айында компаниянын Орусиядагы дүкөндөрүнүн саны кыскарып, 116 дүкөндөн 56сы гана ишин улантып жатканы маалым болгон.

Белгилей кетсек, Nike компаниясы Москва шаарындагы эң алгачкы дүкөнүн 1994-жылы ачкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: