Грек-рим күрөш боюнча улуттук курама команда (U-23) Азия чемпиондугунда 7 медаль жеңди
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда (U-23) Азия чемпиондугунда 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттун күрөш түрлөрү боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн ат салышкан балбандар 3 алтын жана 4 күмүш медаль жеңип алды. 23 жашка чейинки балбандар анда 7 салмак категориясында өлкө намысын коргошкон. Байге ээлери:
1-орун — Адилхан Нурланбеков (72 кг);
1-орун — Акылбек Талантбеков (77 кг);
1-орун — Бексултан Назарбаев (82 кг);
2-орун — Нурмухаммет Абдуллаев (60 кг);
2-орун — Аманат Самат уулу (67 кг);
2-орун — Данияр Шеримбеков (97 кг);
2-орун — Эрлан Манатбеков (130 кг).
Белгилей кетсек, 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпиондугу 19-июнда старт алган. Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















