super.kg logo

Белгилүү миллиардер Илон Масктын уулу расмий түрдө кызга айланды

 

Белгилүү америкалык миллиардер Илон Масктын 18 жаштагы уулу Ксавье Маск расмий түрдө кызга айланып, ысымын өзгөрттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ксавье Маск апрель айында ысымын жана жынысын өзгөртүү үчүн уруксат сурап, сотко арыз менен кайрылган. Ошондой эле биологиялык атасы менен мындан ары жашагысы келбей тургандыгын билдирген. Ал эми сот эч кандай каршылыктар болбогондугун эске алып, анын өтүнүчүн толугу менен канааттандырганы маалымдалды.

Муну менен Ксавье Маск расмий түрдө кызга айланып, өзүнө Вивиан Женна Уилсон аттуу ысымды алганы кабарланды. Илон Маск анын апасы Жастин Уилсон менен 2008-жылы ажырашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: