Бишкекте Сухэ-Батор көчөсүнүн ачылышы салтанат менен коштолду
Бишкекте Сухэ-Батор көчөсү жана аталган көчө менен 7-апрель көчөсүн бириктирген көпүрө ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Аламүдүн дарыясы менен Сухэ-Батор көчөсүндөгү көпүрөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Жолдун узундугу 700 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы Түштүк Кара деңиз жээгинин эки тарабында 8 метр, туурасы 16 метр. Жолдун эки тарабына туурасы 2,25 метр тротуар жана ирригация төшөлдү.
Белгилей кетсек, көпүрө аркылуу Сухэ-Батор көчөсү 7-апрель көчөсү менен байланышып, ал аркылуу шаардыктар шаардын чыгыш тарабына кире алышат. Ошондой эле бул жол тыгындарын азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин апрель айында Сухэ Батор көчөсү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















