super.kg logo

Убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганын айткан жарандын окуясы кандай болгон? Милициянын жообу

 

Жалал-Абад облусунда убактылуу кармоочу жайда отурган Бекбол Жанышов аттуу жаран Ала-Бука РИИБинин кызматкерлери тарабынан кыйноолорго кабылганын айткан. Ал бул туурасында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери барганда арызданган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан Бекбол Жанышовго карата кыйноолор болбогонун маалымдайт. Башкармалыктын билдирүүсүнө ылайык, аты аталган жаран 3 берене боюнча шектүү деп камак жайга киргизилген.

"23-июнь күнү саат 14:00 чамасында Ала-Бука райондук сотунун судьясынын токтому менен "каракчылык", "мүлктү атайылап жок кылуу", "автоунаа каражатын мыйзамсыз айдап качуу" менен айыпталып жаткан 28 жаштагы Бекбол Жанышов (Ала-Бука районунун тургуну) Ош шаарындагы №25 мекемеден Жалал-Абад облусунун Ала-Бука РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал мекемеге кирип баратканда "мен шериктерим менен отурушум керек, мени ошолор отурган камерага киргизгиле" деп талап коюп, кийип жүргөн спорттук шымы менен үстүндөгү спорт костюмундагы боону чечүү боюнча мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, ар кандай шылтоолорду айткан. Камеранын “кормушкасынын” жанына келип колун "кормушкага" сунуп, камерага киргизгенге аракет кылган учурда ал мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, каршылык жасап, коридордун дубалдарын жана эшиктерин тепкилеген. Мындан улам ал Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө 102 мыйзамынын талаптарына ылайык мажбурлап камерага киргизилген.

Аталган факты 23-июнда каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бекбол Жанышовго карата Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан кыйноолор болгон эместигин жана кызматкерлер мыйзамдуу негизде кызматтарын өтөгөндүгүн белгилейбиз", - дешет мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: