super.kg logo

Аялын муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп койгон. Сузакта оор кылмыштын бети ачылды

 

Жалал-Абадда 31 жаштагы жаран аялын өлтүрүп, жансыз денесин короого көмүп койгонго шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, шектүү мындай кадамга кызганычтан улам барган.

Белгилүү болгондой, 23-июнда саат 21:40 чамасында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бекзат аттуу жергиликтүү тургун үйүндө аялын уруп, өлтүрүп койгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Билдирүү каттоого алынып, кечиктирилгис түрдө алдын ала текшерүү иштери башталган.

"Анда Сузак районунун Киров айылынын 31 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну 25 жаштагы аялын 23-июнга караган түнү кызганычтан улам муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосунун түштүк-батыш тарабындагы жерге көмүп койгондугу такталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, Т.Б`нын үйүнүн короосунан келиндин жансыз денеси табылган. Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал 24-июнда Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 122-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголду.

Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү Т.Б. Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыш иштин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: