Кытай жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Милиция зыян тарткандар болсо кайрылууну өтүнөт

Жабырлануучу былтыр сентябрь айында милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Ал чогуу бизнес жүргүзүп, кийин капиталдын 30 пайызын бөлүп берүүнү убадалап 31 миң 400 долларын алып кеткен Я.Ш. аттуу Кытай жаранына карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты 209-берене (алдамчылык) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.
Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында 22-июнда шектүү делинген Я.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары улантылып, шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, жогун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Эгерде сүрөттөгү жарандан зыян тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0 (708) 007-500 же 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.