Чукул кабар! Өлкөдө абанын температурасы 40 градуска чейин жогорулайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында абанын температурасы кескин жогорулай турганын маалымдайт.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, 26-30-июнда ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…38 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 38…40 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.
"Урматтуу жарандар, абанын температурасы жогорулаган учурда көлөкөдө болуңуздар. Өзгөчө улуу муундагылар, жаш балдар жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар салкын жайда болуусу зарыл!", - дешет мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















