super.kg logo
  Саясат  

Ош. Борбордук аянттагы митингчилердин саны болжол менен 5 миңге жакындады

 
Бүгүн,  2-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтына чыккан митингчилердин саны байкоочулардын айтымында, болжол менен 5 миңге жакындады. Ал эми катышуучулар өздөрүнүн саны 10 миң экенин айтышууда. Милиция кызматкерлери митингге чыккандардын саны 2-2,5 миңге жеткенин билдиришүүдө.  
Митингдин катышуучуларынын айтымында, шаарга кире бериштеги Фуркат айылында милиция кызматкерлери тарабынан 30 атчан кармалып, шаарга киргизилген жок. Алар саат 14:00гө чейин А.Келдибековду бошотуу чечими чыкпаса, башка кадамдарга барарын билдиришти. 
Буга чейин Келдибековду бошотуу, Ысык-Көл облусунун Саруу айылында митингге чыккандарды колдоо жана "Кыргызгазды" сатууга каршы талаптары менен чыгууну айтып чыгышкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: