super.kg logo

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы кайра жанданды

 

Убактылуу токтотулган Бишкек-Балыкчы поезд каттамы кайра жанданды. Маалыматты "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашат.

Мекемеден билидиришкендей, эртең, 26-июнда Бишкек-Балыкчы каттамы ишке ашырылып баштайт.

Белгилей кетсек, 24-июнда нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүп, Жел-Арык темир жолунун 3894-чакырымында темир жолдун 10 метр конструкциясы жуулуп кеткен. Ошондой эле 3896-чакырымында жана 3897-чакырымында жер көчкү 35 метрге жакын темир жолду басып калган.

Мындан улам Балыкчы шаарынан Бишкекке жүргүнчү ташып бара жаткан поезд кайра Балыкчыдагы станцияга кайткан. Бүгүн, 25-июнда поезд каттамы убактылуу токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: