Бишкекте таанышын алдап, 50 миң сом алып изин жашырып кеткен жаран кармалды

Маалыматка караганда, 16-июнда шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда М. аттуу таанышы унаасын сатарын убадалап, алдын ала 50 миң сом алып изин жашырып кеткени айтылган.
Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 17-июнда шектүү катары 1992-жылы туулган Д.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып, кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, жогун аныктоо боюнча иш-чаралар аткарылууда", - дешет мекемеден.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(508) 384-242 же 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.