super.kg logo

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар делген адамдар кармалды

 
ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери 2010-жылы Камчы Көлбаевдин криминалдык тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыш ишинин бетин ачышты.
Маалыматка караганда, 2012-жылдын 18-майында Ош шаарынын тургуну К.Т. 17-майдан 18-майга караган түнү анын уулу Б.З.ны Ош шаарындагы кафелердин биринен белгисиз адамдар сабап кетишкенин айтып, милицияга кайрылган. Ал эми Б.З. алган катуу жаракаттардан улам ооруканага жатууга мажбур болгон.
Бул окуяга байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексине ылайык 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектелген адамдар табылбагандыктан, 2010-жылдын 28-июлунда кылмыш ишин иликтөө убактылуу токтотулган. 
Жаңы маалыматтарга ылайык, кылмыш ишин териштирүү кайрадан жандантылып, натыйжада ИИМдин түштүк аймагы боюнча УККББ кызматкерлери бул окуяга шектүү катары Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешелүү делген Эрнисбек Казаков, Алмаз Эрмекбаев, Талабедин Бабаханов аттуу адамдарды кармашты. Аталган адамдардын 17-май күнү Ош шаарындагы кафелердин биринде криминалдык топтордун жыйынына катышкандыгы жана ал жерде кокустан пайда болуп калган Б.Зны себепсиз сабап салгандыгы белгилүү болгон. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: