super.kg logo

Манасчылар чокуга чыгып 7 мүнөт манас айтышты

 
Талас облусунун Кара-Буура районунунда жайгашкан "Манас" чокусунда улуу баян айтылды. Кыргыз улуттук "Манас" театрынан кабарлашкандай, чокуга манасчылардан тышкары "Кыргыз альпинизм федерациясынын" 11 мүчөсү да чыгышты.
Манасчы Төлөбек Муса уулу чокуга чыгуу, ал жакта улуу баянды айтуу оңой болбогонун белгиледи.
"Чокуга чыкканда оозума сала бердиби, айтор, атайын төлгө кылып "Семетейдин Таласка келишинен" жети мүнөт айтыптырбыз. Чайыттай ачылып турган күн манас айтылып жатканда бүркөлүп, ак карга айланып, угуп жаткан альпинисттер көздөрүнө жаш алганы өзгөчө белги болду", - дейт ал.
"Манас" чокусунун бийиктиги 4488 метр. Манасчылар чокуга чыккан жол "Кыргыз альпинизм федерациясынын" чечими менен "эпос" деп аталды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: